Каныбек Иманалиев: «Мен билим берүү тармагына акча сурабайм»

  • 1 год мурун

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Каныбек Иманалиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинде каралды жана жактырылды.

Каныбек Иманалиев билим берүү тармагындагы реформанын концепциясы бир айда даяр болорун айтты жана буларга токтолду:   

-Концепция үч компоненттен турат. Советтик педагогиканын жакшы жактарын алабыз. Экинчи, акыркы 200-300 жылда дүйнөдө эки моделди кармашкан: Пруссииянын, азыркы Германиянын жана Британиянын окуу модели. Британиялык жеңип чыккан. Кийинкилер британиялыктын негизинде. Үчүнчү — улуттук компонент.

Сиздерден акча сурабайм, билим берүүгө натыйжа бере турган сунуштарым бар. Мисалы үчүн: 10 миңдеген компьютер беш жылда бир эле жолу пайдаланылат. Бул — Борбордук шайлоо комиссиясынын компьютерлери. 70 ресурстук борбор бар. Эмне деген акча кеткен! Чаң басып жатат, шайлоо күнү колдонулат, эртеси кара кулпу кайтарып жатат, мамлекеттики. Мен силерден компьютерге акча сурабайм.  Өкмөт токтом чыгарып берсин, ошол жердеги мектептер пайлалансын.

3000 китепкана бар айылдарда, эл да барбайт. Ошону мектептерге берсин. Ошол жакка 1-класска даярдай турган курс кылалы. Үчүнчү, айылдарда маданият үйлөрү бар. Ошолорду кезектешип пайдалана берсин. Кесиптик окуу жайлардын имараты бар, ошолорду билим берүүгө өткөрүп бергиле.

Биз мугалимдин аброюн Баткендин чек арасын коргогондой коргошубуз керек. Аким келет, инвестор келет, мугалимдер зал толтурган “толпага” айланып калган. Мектепке келгенде, саясат токтошу керек Бир гана саясат- билим берүү.

Мен акча сурабайм, бир орун басарым, айлык албай иштейт, БУУнун программасы бар, “Вызовы тысячилетия” деген, ал Кыргызстандын карыз акчасын кечүү, өндүрүү менен иштейт, Ошол эсеп үч жылдан кийин ишке ашат. Ошол карызды кечкен, жаба турган акчаны билим берүүгө бересиздер.

1-сентябрда жаңы окуу стандарттарын бекитебиз. Билим берүү экономикалык да сектор, кайра кайтарылат. Дивидендди акыл-эс менен, инвестиция менен берет., -деди өз сөзүндө Каныбек Иманалиев.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты