Канттагы цемент- шифер заводу Бишкекти ышка бөлөп жатканы айтылды
- 2 года мурун
Парламентте Бишкектеги ыш маселеси тууралуу сөз болууда. Депутаттар Исхак Масалиев, Айсулуу Мамашова да өз ойлорун билдирди. Депутат Балбак Түлөбаев Бишкектеги ышка Канттагы цемент -шифер заводунан чыккан түтүн өзгөчө терс таасир берип жатканын айтты.
— Кант-цемент шифер заводу эки жылдан бери Бишкекти уулантып жатат. Мына, эртең менен карап көрсөңөр, Кант цемент-шифер заводунан чыккан түтүн Бишкекке кирип жатат, аны караган жоксуңар. Бишкектеги ТЭЦ да уулантып жатат, аны да караган жоксуңар. Акылбек Үсөнбекович (мурдагы премьер-министр Жапаров-ред.) «мен жооп берем» деп коюп, ал жок, эми ким жооп берет? Бишкектин мэринин күчү жетпейт буга. Муну өкмөт өзүнчө программа менен иштеш керек. Машинелер бар, ТЭЦ бар, мен Бишкектин мэри болуп турганда, Кара-Кеченин көмүрүн жолотпош керек дегем, дагы эле жолотуп жатасыңар. Кант цемент-шифер заводуна эч кимдин күчү жетпей койду. Бишкекти ууландырып жатат. Бизнес керекпи же элдин ден соолугу керекпи силерге?-деди депутат Балбак Түлөбаев.
Бишкек кийинки убактарда дүйнөдөгү абасынын сапаты начар шаарлардын катарында болууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




