Камила Талиева Михаил Мишустиндин айткандарын сындады
- 2 недели мурун
Бүгүн, 5-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Орусиянын өкөмт башчысы Михаил Мишустиндин Алматыда айткандарын сынга алып, МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев ага жооп кайтара албаганын сындады.
— “Темирди кызуусунда чап дейт” кыргызда, өткөндө Астанадагы иш сапарда биздин КабМиндин башчысы Адылбек Алишевич Касымалиев, “аттиң дейсиң да”, мамлекеттин, элдин тагдыры үчүн, керек болсо саясий дипломатия менен жооп бере албады, Орусия мамлекетинин өкмөт башчысы биздин мамлекетке негизсиз кинелерди койду. Ошого татыктуу жооп бере албай, (мажирөөлүк…) жооп бере албай калды. Айтыш керек болчу: «Биз мыйзамдуу малекетте жашагандан кийин 50 млн доллар карызың барбы, төлөш керек аны, мыйзам баарына бирдей иштейт, кечиресиз” деп жооп бере албай койду. Алар тарабынан мыйзамсыз аракеттер, талоончулук, административдик басым деген бизге негизсиз кинелер коюлуп калды. Михаил Мишустин улам-улам “Киргизия, Киргизия” дейт. Биздин мамлекеттин Кыргыз Республикасы деген мыйзамдуу аталышы бар. Эмне үчүн Киргизия дейт? Өкмөт башчыбыз дипломатиялык тил менен жооп бере албай койду. Эмнеге ушундайга жол берилип жатат? “Темирди кызуусунда чап” дегендей, кинеге ошол жерде жооп бериш керек эле. “Вымогатель” деген ярлыкты илип коюп жатат мамлекетибизге, — деди Камила Талиева.
Бул маселе боюнча бүгүнкү парламент жыйынында депутат Жанар Акаев да Мишустиндин билдирүүсүнүн негизсиз экендиги тууралуу маселе көтөргөн.
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин 31-январда Алматы шаарындагы жолугушууда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге Кыргызстандын мамлекеттик органдары орусиялык компанияларга кысымын жана дооматтарын токтотулушун талап кылган.
Сүрөттө: Камила Талиева. kenesh.kg