Камчыбек Ташиев: “ЖК депутаттары Маматалиев, Икрамов “тормозни-сникерсни!”

  • 7 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары тарабынан бүгүн, 21-сентябрда, ундун баасынын көтөрүлүшү боюнча жалпы жыйында билдирген маалыматтарды Фейсбук баракчасында комментарийледи.  

Ундун баасы боюнча көтөрүлүп кетти деп «хайп» кармаган депутаттарга айтаарым — баа көтөрүлбөйт, мамлекетте кошумча чаралар көрүлгөн. Туура, казактардын унунун баасы көтөрүлдү, ал бизден көз каранды эмес жана элибизге эч кандай зыян алып келе албайт.

1-сорт ундун баасы 30 с/кг, бир кап ун 1500 сом, жакын арада мындан да төмөндөшү мүмкүн, себеби арзан баада камдап койгон буудайларыбыз кийинки түшүмгө чейин жетет.

Өсүмдүк майы, кумшекер да жетиштүү, баалар көтөрүлбөйт! Мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугу жетиштүү камсыздалган. Так что ЖК депутаттары Маматалиев, Икрамов тормозни-сникерсни!-деди Камчыбек Ташиев.

Бүгүн, 21-сентябрда, Жогорку Кеңештин депутаттары Тазабек Икрамов, Марлен Маматалиев жана Гуля Кожокулова ундун баасынын көтөрүлүшү боюнча пикирлерин билдиришти.

-Бул мезгилге чейин Министрлер кабинети кышка даяр эмес экендигин дагы бир жолу көрсөтүп койду. Мына, кечээ, бир кап унга бир заматта миң сом кошулду. Бул өкмөттүн шалаакылыгы, программасы жок, кыштан кандай чыгуу боюнча негизги пландарын коюш керек. Ушунун баары жок. Казакстанга сууну каалагандай бердик,  азыр же суудан жок, же ундан жок. Бул башталышы эле, күз башталбай жатып, бир кап ун миң сомго кымбаттап жатат. Биз буга чейин канча коңгуроо кылып, айттык. Май, ун, азык-түлүк кымбаттап жатат, көзөмөлгө алгыла деп. Жок, ал нерсени кылган жоксуңар. Министрлер кабинетин чакырып, кышка кандай даярдык болот, булардын программасын, свет, көмүр маселесин биз сурабасак болбойт, өтө кыйын болуп кетти, -деди депутат Тазабек Икрамов ЖК жыйынында.  

Ал эми депутат Марлен Маматалиев парламент жыйынында мындай деди:

-Азык-түлүккө баанын кескин түрдө көтөрүлгөн маселени айтайын дедим эле. Алмаз Акунжанович, (президенттин ЖКдагы өкүлү Абытовго кайрылып-ред.) мен сизден бир маселени суранат элем, келиңиз, мен алып берейинби же сиз аласызбы, бир куту «сникерс» алып барып, азык-түлүккө жооптуу министрлерге колуна берип туруп,  “Не тормозни, сникерсни!” деп коюңузчу, -деди Марлен Маматалиев.  

      

          

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты