Камчы Көлбаевдин сөөгү бар делген Аза кызматынын жана «Тез жардам» кызматынын унаалары Бишкектин моргуна келди (Видео)

Камчы Көлбаевдин сөөгү бар делген Аза кызматынын жана «Тез жардам» кызматынын унаалары Бишкектин моргуна келди.

Бүгүн, 4-октябрда, кримтөбөл Камчыбек Көлбаев жок кылынганын Улуттук коопсуздук комитети билдирди.

УКМКнын маалыматында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрүнүн жана жетекчилеринин ишкерлердин өзгөчө ири суммада мүлктөрүн мыйзамсыз тартып алгандыгы айтылат. Ошондой эле Камчы Көлбаевдин Дөө Чыңгызды өлтүрүүгө тиешеси бар деген маалымат текшерилип жаткандыгы маалымдалды.

4-октябрда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Асанбектин турган жери Ибраимова көчөсүндөгү «Блондер паб» ресторанында аныкталып, ал жерге барган УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына көңүл бурбастан, ок атуучу куралдарды колдонуу менен куралдуу каршылык көрсөткөн. УКМКнын кызматкерлеринин өмүрүнө жана ден соолугуна ок атуучу курал менен кол салган К.Асанбектин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында УКМКнын атайын кызматкерлери ага эскертүү иретинде ок атышкан.

Бул фактынын негизинде УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгү, 267-беренесинин 2-бөлүмү жана 37-беренесинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4,18-пункттары менен кылмыш иши козголду. (уюшкан кылмыштуу топ түзүү, мыйзамсыз курал-жарак сатуу, адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Ок атышууга катышкан К.Асанбекти текшерген дарыгерлер октон алган жаратынан, ошол жерде каза болгонун тастыкташты. Бул окуяга катышкан УКМК кызматкерлери жана жарандар арасында жабыркагандар жок. Ошондой эле УКМК бул фактыга тиешеси бар К.Асанбектин тобунун бардык өкүлдөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берип, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет” деп айтылат УКМК маалыматында.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты