«Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу үчүн быйыл бюджеттен 20 млн доллар каралды

  • 2 года мурун

Жакын арада «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу башталат. Бул тууралуу 24-мартта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал курулуштун башталышынын так мөөнөтүн айткан жок, бирок жакынкы 3-5 жылда «Камбар-Ата-1» ГЭСи ишке берилерин белгиледи.

«Каржы ресурстары бар, Каржы министрлиги курулуштун биринчи айлампасы үчүн жакын арада 498 миллион доллар жумшайт. Курулуштун башталышы үчүн быйыл бюджетке 20 миллион доллар киргизилген жана жакын арада курулушту баштайбыз», — деди Жапаров.

Быйыл январь айында энергетика министри Доскул Бекмурзаев апрел-май айында «Камбар-Ата-1» ГЭСинин тегерегинде инфраструктуралык курулушту баштоо пландалып жатканын кабарлаган.

Азырынча «Камбар-Ата — 1» ГЭСин курууга кызыккан инвестор чыга элек, ага карабай Бишкек Ташкенттин макулдугун алууга жетишкен. Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти болуп шайлангандан кийин долбоорду ишке ашырууга катыша турганын ырастаган.

2017-жылдын 6-октябрында «Узбекгидроэнерго» менен Кыргызстандын «Улуттук энергохолдинги» долбоор боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшкан.

Адистер «Камбар-Ата-1» курулуп калса, Кыргызстандагы ГЭСтердин эң ириси болорун белгилешет. Кубаттуулугу –1860 МВт болуп, жыл сайын 5 млрд. кВт/с электр энергиясын өндүрүп турат. Салыштыруу үчүн карасак, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 МВт түзүп, жылына 4 млрд. кВт/с электр энергиясын өндүрөт.

Долбоор боюнча «Камбар-Ата-1» ГЭСинин тосмосунун бийиктиги 275 метр болот («Токтогулдуку» – 215 метр). Кууш капчыгайга курулган станциянын төрт гидроагрегаты электр энергиясын өндүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты