Садыр Жапаров: “2,5 жылдан кийин кышкысын электр энергияны импорт кылбай калабыз”
- 2 месяца мурун
“2,5 жылдан кийин кышкысын электр энергияны импорт кылбай калабыз”деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Кара-Көл” ГЭСин ачып жатып.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов Фейсбук баракчасында билдирди.
“Кара-Көл” ГЭСинин курулушу — өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, аймакка туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясын жеткирүү, ошондой эле улуттук экономикабызды чыңдоо максатында ишке ашырылып жаткан комплекстүү иш-чаралардын алкагындагы чоң жетишкендиктердин бири болуп эсептелет.Макулдашууга ылайык, “Кара-Көл” ГЭСинин курулушу 2026-жылдын биринчи кварталында бүтмөк. Натыйжада курулуш иштери графиктен 5 айга эрте бүткөрүлүп, бизди кубантып жатышат» деди ГЭСтин ачылышында президент.
Курулуш иштерин атамекендик компани жүргүзгөнүн белгиледи.
«Курулуш иштерин толугу менен ата мекендик компания жүргүзүп, улуттук ресурстарга таянып, ийгиликтүү жыйынтыкка жетишти. Биздин адистерибиздин олуттуу тажрыйба топтоп, энергетика тармагындагы жогорку квалификациялуу кадрлар катары калыптанып жатышы — маанилүү жетишкендик десем болот».
“Кара-Көл” шаары жөн жерден “энергетиктердин шаары” деп аталбайт. Бул жерде биздин өлкөнүн эң ири “Токтогул” ГЭСи башталып, андан ылдый “Күрп-Сай”, “Таш-Көмүр” жана башка ГЭСтер каскады созулуп жатат. Эми мына ошол энергетикалык салт уланып, шаар четинде дагы бир жаңы ГЭС өз ишин баштоодо.
“Кара-Көл” ГЭСи бул аймакты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого, электр энергиясына болгон тартыштыгын кыскартууга, жумуш орундарын түзүп, бюджетке жыл сайын салык каражатын түшүрүү менен каржылык туруктуулугун чыңдоого өз салымын кошот.Кара-Суу дарыясына курулган бул ГЭС заманбап технологиялык талаптарга жооп берген гидроэнергетикалык жабдуулар менен жабдылды.
Мамлекет башчы учурда «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууга аракет жумшалып жатканын айтып өттү:
«Учурда биз “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууда бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз.
Азыр даярдык иштери: жолдорду куруу, көпүрө салуу, электр кубатын жеткирүү, курулуш шаарчасын куруу жана башка иштер жүрүп жатат. Буюрса, бул долбоордун ишке ашуусу менен өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугу түп-тамырынан өзгөрөт. Биз энергияны импорт кылган өлкөдөн кетип, экспорт кылган мамлекетке айланабыз. Мындан сырткары азыр ушул тапта өлкөбүздүн бардык аймактарында салынып жаткан 40ка жакын ГЭС жана Кара-Кечеге жаңы курулуп баштаган ЖЭБ бүтүп, ишке берилсе, биз кышкысын импорт албай, өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергия өзүбүзгө толук жетип калат.
Кудай буюрса, 2,5 жылдан кийин кышкысын электр энергияны импорт кылбай калабыз. Өзүбүздө өндүрүлгөн электр энергия өзүбүзгө жетет, -деди президент Жапаров.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы




