«Камбар-Ата-1» ГЭСи сейсмикалык кооптуу жерге курулуп жатат деген пикирге энергетика министрлиги жооп кайтарды  

  

Энергетика министрлиги Илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматовдун Жогорку Кеңештин 9-сентябрда отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында Камбар-Ата ГЭС-1 кооптуу жерге курулуп жатат деген пикирине жооп берди.   

Энергетика министрлигинин айтымында, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинин алкагында консультант болгон «ЭЙФРИ Швейцария Лтд» компаниясы ар тараптуу талдоо жүргүзүп, баяндама даярдаган. Алар коопсуз деген корутунду чыгарган.

“ЭЙФРИ Швейцария Лтд” компаниясы тарабынан акыркы корутунду чыгарылган, анда бетон гравитациялык плотинанын конструкциясы болгон оорлукту көтөрөт жана жалпысынан коопсуз болуп эсептелет” деп айтылат билдирүүдө.  

Билдирүүдө Улуттук илимдер академиясынын адистери талкууларга чакырганда, келген эместиги да белгиленди.

Улуттук Илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов  9-сентябрда Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору тийиштүү сейсмикалык изилдөөлөрдөн өтпөй калганын билдирген.

“Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп жатпайбызбы, андай чоң долбоорлордо мурун алдын ала техникалык микрорайондоштуруу изилдөөлөрү өткөрүлүш керек болчу. Тилекке каршы, андай изилдөөлөр өткөрүлгөн жок. Эгерде эртең ГЭСти кура баштасак, катуу жер титирөө болсо, мындай чоң ГЭС
эгер талкаланып калса, анда ылдый жакта турган Камбар-Ата ГЭС-2, андан ылдый турган бүт каскаддар кетет. Тилеккке каршы, биз эки жолу министрликке кат жазганбыз. Мен Улуттук Илимдер Академиясынын президентимин, ошол эле убакта Сейсмология институтунун директорумун, биринчи катыбызга жооп берген, экинчи катыбызга биз ошондой техникалык микрорайондоштурууну  жасаганга даярбыз деген катка  бүгүнкү күнгө чейин жооп ала элекпиз. Бирок чындыкты айтыш керек, бүгүнкү күндөгү долбоор менин, сейсмолог катары оюмча, аябай кооптуу жерге курулган жатат. Эгерде ошондой изилдөөлөрдү өткөрбөсөк, эми жер титирөө качан болот, кудайдан башка эч ким билбейт, бирок андай нерселерди биз ачык көз менен курушубуз керек деген жеке пикирим. Улуттук Илимдер академиясы менен министрликтердин байланышы жок. Биз жазган каттарга жооп беришпейт. Академияны “токолдун балдарындай көрүшөт экен”.

Камбар-Ата -1 ГЭСи боюнча техникалык микрорайондошторуу жасалбаса, кооптуу жерге курулганы жатат. Анын бир этеги чоң тоого таянат, экинчи этеги кичине тоого таянат, сейсмикалык толкун келгенде, чоң тоодон келген силкинүү кичине тоого караганда башкача болот, ГЭС катуу силкинүүгө туруштук бере албайт. Ошондуктан аны изилдеп, айтыш керек. Административдик оргнадра туура чечим кабыл алынышы керек,-деди Канат Абдрахматов.  

«Камбар-Ата-1» ГЭСин башкаруу үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт.

Биргелешкен ишкана «Камбар-Ата-1» ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33 пайыздан бөлүнөт.

Президент Садыр Жапаров бул долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана башка жумуштар үчүн бюджеттен 412,8 млн. сом бөлүнгөнүн, дагы 1,5 млрд. сом бөлүп берүү маселеси чечилгенин айткан.

Сүрөт: minenergo.gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты