“Камбар-Ата-1” ГЭСи: Акылбек Жапаров курулуштан кабар алды

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 26-мартта Жалал-Абад облусунун энергетика объекттерин кыдырды.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Министрлер кабинетинин төрагасы Токтогул ГЭСинин №2 агрегатынын реконструкциясы менен таанышты, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышынын жүрүшүн көрдү. Камбар-Ата-1 ГЭСине алып бара турган жолдун жана туннелдин курулушу жүрүүдө. 

Акылбек Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин инфраструктурасын курууну тездетүү, келерки күз-кыш маалына даярдык көрүү тапшырмасын берди.  

“Камбар-Ата-1” ГЭСин башкаруу үчүн Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөрү маалымдалган.

Биргелешкен ишкана “Камбар-Ата-1” ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин ГЭСти башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33 пайыздан бөлүнөт.

Ал ишкана Кыргызстанда катталары жана баары тең биздин колдо болору айтылган.

6-январда Бишкекте Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлеринин жолугушуусу өтүп, анда “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруунун “жол картасы” боюнча макулдашууга кол коюлган.

Бишкек буга чейин “Камбар-Ата-1” ГЭСи салынып бүтсө, “Камбар-Ата-2” ГЭСинин толук иштешине шарт түзүлө турганын билдирген. Энергетиктер эки ГЭС тең иштесе, жалпы кубаттуулугу 1000 мегаваттка жете турганын белгилешет.

Президент Садыр Жапаров бул долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана башка жумуштар үчүн бюджеттен 412,8 млн. сом бөлүнгөнүн, дагы 1,5 млрд. сом бөлүп берүү маселеси чечилгенин айткан.

ГЭСтин өзүн куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегатын 2028-жылы ишке берүү пландалууда. Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты