“КАМАЗ” сайга кулап кеткен
- 3 года мурун
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кырчын тилкесинде ГЭС курулуп жаткан жерге жүк ташып бара жаткан «КАМАЗ» унаасы сайга кулап кеткен.
Кырсыктын кесепетинен бир киши (аты-жөнү такталууда) каза болуп, төртөө жабыркаган.
Жерине авариялык куткаруу унаасы менен 5 куткаруучу тартылган. Каза болгон кишинин сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен, ал эми жабыркагандар ооруканага жеткирилген.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү