Калктын радиациялык коопсуздугу жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору кабыл алынды

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 3-апрелде. Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын калкынын радиациялык коопсуздугу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Демилгечи – депутаттар Марлен Маматалиев, Алишер Козуев, Улан Примов, Камила Талиева, Чыңгыз Айдарбеков.

Мыйзам долбоору радиациялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, калктын саламаттыгын жана айлана-чөйрөнү коргоо максатында иштелип чыккан.

Мындан тышкары Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө», «Электрондук соода жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда колдоо тапты.

Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору дагы үчүнчү окууда колдоого алынды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты