Калкты жана турак жайды каттоо электрондук форматта өткөрүлөт

  • 2 года мурун

2021-жылдын 22-октябрында 2022-жылы калкты каттоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү чечими кабыл алынган. Бул иш-чараны электрондук форматта өткөрүү пландалууда.

«Алдыдагы калкты жана турак жай фондун каттоо биринчи жолу каттоочулар тарабынан мобилдик тиркемени пайдалануу аркылуу электрондук форматта өткөрүлөт. Бул республикалык маанидеги масштабдуу иш-чараны тийиштүү деңгээлде өткөрүшүбүз керек» деп белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 12-февралдагы улуттук статистика комитетинин коллегиясында.

Арзыбек Кожошев калкты каттоону өткөрүү, статистиканы мындан ары өркүндөтүү, анын ичинде улуттук статистикалык системаны санариптештирүү боюнча ишти күчтөндүрүүнү белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов ведомствонун өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2022-жылга пландары тууралуу маалымат берди.

Бул тууралуу Минкабинеттин басма сөз кызматы билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты