Кайсы саясий партиянын шайлоо фондунда канча каражаты бар?  (Тизме)

  • 2 года мурун

Бирдиктүү шайлоо округдары боюнча талапкерлер тизмесин берген саясий партиялардын шайлоо фондуна 3-ноябрга карата  жалпысынан 120 180 392 сом түштү.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы контролдук-ревизиялык тобунун маалыматына таянып билдирди.

Мыйзамга ылайык, талапкердин жеке каражаты 1 500 000 ден ашык болбошу керек;

Саясий партиянян жеке каражаты 100 000000 сомдон ашпашы керек;  

Жеке адамдардын ыктыярдуу берген суммасы 200 000 сомдон ашпашы керек;

Юридикалык тараптардын ыктыярдуу акчасы 3 000 000 сомдон ашпашы керек.   

Ошол эле учурда түшкөн акчанын суммасы жана саясий партиянын шайлоо фондусуна түшкөн жана коротулган акчанын суммасы 300 000 000 сомдн ашпашы керек.

Шайлоого 21 саясий партия катышып жатат.

3-ноябрга карата шайлоо фондусуна түшкөн акчанын жалпы суммасы   120 180 392 сом болду.  

Эң көп акча “Ата Журт-Кыргызстан” саясий партиясына түшкөн-26 441 730 сом, анын 17 627 837 сому чыгымдалган.

Андан кийин “Альянс” партиясы-12 931 415 сом, анын 12 927 235 сому чыгымдалган.

Үчүнчү болуп «Эл үмүтү” саясий партиясы-11 687 340 сом эсебине түшкөн, анын  10 827 821 сому чыгымдалган.

Кененирээк тизмеде (сом менен):

Саясий партияТүштүЧыгымдалды
1«Ата Мекен»4 450 0003 503 256
2«Бүтүн Кыргызстан»6 977 3506 829 960
3«Альянс»12 931 41512 927 235
4«Легалайз»1 051 0001 013 867
5«Ыйман Нуру»2 646 2002 337 220
6«Күчтүү регион»1 000 2501 000 150
7  «Багыт» либералдык-демократиялык партиясы1 067 3501 000 150
8«Ынтымак»8 481 0487 422 266
9«Ишеним»21 236 24119 572 399
10«Азаттык» демократиялык партиясы6 950 9084 964 036
11«Мекенчил эл»2 771 6102 401 975
12«Партия зеленых Кыргызстана»1 050 0001 000 150
13«Жашасын Кыргызстан»1 017 1501 000 150
14«Социал-демократтар»2 160 3102 079 825
15 «Аруузат»1 125 2001 060 450
16«Патриотическая партия единения Кыргызстана»1 449 0001 439 620
17«Улуттар биримдиги»3 440 0902 439 349
18«Эл үмүтү»11 687 34010 827 821
19«Ордо»1 225 0001 030 300
20«Улуу-Журт»1 021 2001 000 000
21«Ата-Журт Кыргызстан»26 441 73017 627 837
 Бардыгы:120 180 392102 478 016
БШКнын маалыматы.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты