Кайра шайлоого 8 талапкерден арыз түштү

  • 3 года мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Бишкек шаарынын бир мандаттуу № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 8 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) билдирүү түштү.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Алар Анвар Сартаев, Нурбек Токтакунов, Шадыкан Жакыпбеков, Элвира Сурабалдиева бир мандаттуу Биринчи май шайлоо округунан жана Свердлов шайлоо округунан Назгүл Жолдошева, Жаныбек Асанбеков, Гуля Алмамбетовадан БШКга арыз түштү.  

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2022-жылдын 27-январында саат 18:00дө аяктайт.

28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты