Кайра шайлоо: Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу тууралуу чечим күчүндө калтырылды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 15-февралда Бишкек шаардык административдик соту 27-февралда өткөн кайра шайлоодо Свердлов округу боюнча биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызын карады.

«Азаттык» радиосу адвокат Таалайгүл Токтакунованын маалыматына таянып, сот Муртазалиевдин арызын канааттандырбаганын жазды.

«Сот биздин арызды канааттандырган жок. Демек, Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу боюнча БШКнын чечими күчүндө калды», — деп билдирген жактоочу.

Ошондой эле ал Жогорку сотко кайрылуу боюнча маселе кеңешкенден кийин белгилүү болорун кошумчалады.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-марттагы отурумунда Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган. Боршайком ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгонун белгилеген.

Талапкер БШКнын дооматтарын четке кагып, аны «каралоо» катары сыпаттаган жана БШКнын чечимине каршы административдик сотко арызданган.

27-февралда өткөн кайра шайлоодо Бишкектин Свердлов округу боюнча 1-орунду Абдурахманхажи Муртазалиев, 2-орунду Шайлообек Атазов, 3-орунду Аскар Алмаз уулу ээлеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты