Кайра шайлоо: БШК дагы 15 талапкерди каттады

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектеги № 27 Биринчи май жана № 29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн арыз берген 15 талапкерди каттады. Бул тууралуу маалымат Боршайкомдун расмий сайтына жарыяланды.

БШК бүгүнкү күнгө карата жалпы 53 талапкерди каттады.

Белгилей кетсек, талапкерлерди каттоо үчүн документтерди кабыл алуу 30-январда аяктаган. Арыз жазган 72 кишинин 55и керектүү документтер топтомун тапшырып үлгүргөн. Тогуз талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу жөнүндө арыз берди (алардын бирөө – катталган талапкер). Боршайком бир талапкерди каттоодон баш тартты. Калганы документтерди тапшырган эмес. Ушул тапта 18 талапкердин каттоого берген документтери каралууда.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 20-январдагы отурумунда экс-депутат Рыскелди Момбековду Бишкектин №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тарткан.

Бул эки округда 2020-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо баарына каршы бергендер көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты