Кайра шайлоо: №5 Ноокат округу боюнча шайлоого катышуу ниетин жети талапкер билдирди  

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 17-майда, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК)  №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн талапкерликке кѳрсѳтүүгө Гүлнара Дуванаевадан арыз түштү.

Бул тууралуу БШК  билдирди.

Ошону менен аталган округдан депутаттыкка талапкерликке арыз жазгандардын саны жети кишиге жетти.  

Буга чейин «ПолитКлиника» Ноокат шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер болууга арыз жазган төртөөнүн тизмесин жарыялаган. Алар:

  1. Марипов Бакытбек Асамидинович, убактылуу иштебейт;

2. Айдосов Айболот Абдурахманович, убактылуу иштебейт;

3. Мурзакматов Байжигит Мамаюнусович, убактылуу иштебейт;

4. Абдивалиев Артыкбай Турабидинович, жеке ишкер.

17-майга карата дагы үч талапкер арыз берди. Алар:

1.Кудайбердиев Элдар Абдималикович, убактылуу иштебейт;

Кайра шайлоо: №5 Ноокат округу боюнча шайлоого катышуу ниетин жети талапкер билдирди  

2.Тѳлѳнбаев Санжарбек, спорт комплексинин директору;

Кайра шайлоо: №5 Ноокат округу боюнча шайлоого катышуу ниетин жети талапкер билдирди  

3.Дуванаева Гүлнара Качкынбековна, жеке ишкер.

23-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы депутат Жусупбек Коргонбай уулун мандатынан ажыратты.

22-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. Жусупбек Коргонбай уулу Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына №5 Ноокат шайлоо округунан мандат алган.

№5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 30-майында аяктайт.

Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 30- апрелиндеги жарлыгына ылайык, №5 Ноокат шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 30- июнуна дайындалды.

Сүрөттөр: БШК

Баш сүрөттө: Депутаттыкка арыз бергендердин бири — Гүлнара Дуванаева. БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты