Кайгуул милиция кызматкери пара менен кармалды

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык прокуратурасы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) ички иликтөө кызматынын кызматкерлери менен бирге Бишкек ИИБинин патрулдук милиция башкармалыгын кызматкери А.Б.Т.ны пара алып жаткан жеринен кармашкан.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин ички иликтөө кызматына Г.С. аттуу жаран кайгуул милиция кызматкери А.Б.Т. карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Ал жогоруда аталган жарандан жол эрежесин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартпоо сунушу менен андан зергердик буюм, тактап айтканда баасы 30 миң сомдук алтын шакегин пара түрүндө талап кылганын айткан.

“А.Б.Т өзүнүн кызматтык абалынан жана ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарды колдонуп, Г.С. жараны зергер буюмдарын жасоонун чебери экендигин билип туруп, аны пара берүүгө аргасыз кылган” деп айтылат маалыматта.

Учурда А.Б.Т шектүү катары кармалып, башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты