Кафе-ресторандарда кардарларды тейлөө акысы жоюлат
- 8 месяцев мурун
Министрлер кабинети коомдук тамактануу тармагында керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоого багытталган токтом кабыл алды. Документке ылайык, кафе-ресторандарда тейлөө үчүн акы алууга жол берилбейт. Мындан ары бардык кызмат көрсөтүүлөргө байланышкан чыгымдар тамак тизмесинде көрсөтүлгөн негизги баага киргизилиши керек.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымдалды.
«Коомдук тамактануу кызмат көрсөтүүлөрүнүн бардык түзүмүнүн наркы менюда, прайс-баракчада керектөөчүгө берилүүчү башка документте көрсөтүлгөн баага киргизилүүгө тийиш. Төлөмдүн акыркы суммасы ачык сунушталган прейскуранттын негизинде эсептелген суммадан айырмаланбашы керек» деп айтылат маалыматта.
Токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




