Ош шаарындагы «Олигарх» ресторанындагы мушташ териштирилүүдө
- 1 месяц мурун
Ош шаарындагы «Олигарх» ресторанына, үйлөнүү тоюна келген коноктордун ортосунда жаңжал чыгып, ал ресторандын короосунда мушташ менен коштолгон.
Окуя 5-июнда саат 18.00 чамаларында болуп, ал окуя Инстаграм баракчасына жарыяланган.
Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы тарабынан ыкчам аракеттер көрүлүп, окуяга тиешеси бар адамдар Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына алынып келинди.
Окуя бейбаштык беренеси менен катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат. Видеотасмада тапанча кармаган жаран дагы кармалды. Пневматикалык тапанча алынып, тиешелүү экспертиза дайындалды.
Сүрөт: Ош шаардык ички иштер башкармалыгы
Муну бөлүшүү




