Кадыржан Батыровдун аффилирленген жактарына таандык базар мамлекетке кайтарылды

  • 3 месяца мурун

Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында баасы 412 111 000 сомду түзгөн «Шабдалы-Зар»соода-базар комплекси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, «Шабдалы-Зар» соода-базар комплекси жайгашкан жер тилкеси  Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик администрациясынын буйругуна ылайык, 1994-жылы «Дустлик» ААК менен аффилирленген жеке компанияга бөлүнүп берилген. Андагы акциялардын контролдук пакетинин 85%ы Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун мурдагы лидери К.А. Батыровго таандык болгон. Жер кодексине (1994-жылдын редакциясында) ылайык, шаардык мамлекеттик администрациянын мамлекеттик жер тилкелерин бөлүп берүүгө (сатууга) укугу жок, анткени мындай укукка эл депутаттарынын шаардык  кеңеши ээ болгон.

Тактап айтканда, аталган жер тилкеси Кадыржан Батыровго мыйзамсыз сатылып,  ал өз кезегинде 2009-жылы жалган бүтүм аркылуу КР жарандары М.А. жана Р.Ш. (К.Батыров менен аффилирленген жактар) менен сатып алуу-сатуу келишимин түзгөн. Бул боюнча кылмыш ишинин материалдарына тиркелген архивдик документтер далилденген. Маалым болгондой, аталган аймак бир нече жылдар бою соода базары катары колдонулган.

Учурда мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан «Шабдалы-Зар» соода-базар комплексин Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүү процесси жүрүп жатат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты