Кадыров башаламандыктарга катышкандарды атууга буйрук берди

  • 6 месяцев мурун

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жапырт башаламандыктардын алдын алуу жана зарылчылык жаралса ага катышкандарды «чекеге атуу» буйругун берди. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги жазды.

Мындан бир нече күн мурда – жекшемби күнү кечинде Дагестандын борбор шаарындагы аэропортту антисемиттик акцияга чыккан топ басып алган.

«Бизде тополоңго бир киши чыга турган болсо, аны кармап, отургузгула. Же болбосо эскертүү иретинде асманга үч жолу ок чыгарып, ал адам мыйзамга баш ийбесе, чекеге аткыла. Андан кийин чыкпай калышат. Бул менин буйругум» деди Кадыров чечен өкмөтүнүн жыйынында.

Чеченстандын башчысы Владимир Путин сыяктуу эле Дагестандагы антисемиттик акцияларга Киев менен Батыш өлкөлөрү «шыкакчы» болгонун айтты.

Буга чейин Украинанын Тышкы иштер министрлиги Москванын мындай дооматын күнөөнү өзүнөн башкага оодаруу аракети деп атаган.

Махачкаладагы окуянын катышуучулары Газадагы палестиндерди коргоо үчүн чыгышканын айтышкан.

Кадыров өзү социалдык тармактарда Израилди «геноцид» кылып жатат деп айыптап, аны нацисттик Германияга салыштырган.

Дагестанда жекшемби күндөгү башаламандыкка байланыштуу 83 киши кармалганы кабарланган. Бирок аларга кандай айып тагылганы азырынча белгисиз.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты