Ички иштер министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр орун алды

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин жана ички иштер министрлигинин буйругуна, пландуу ротацияга ылайык, кадрдык өзгөрүүлөр жүргүзүлдү.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

23-декабрындагы Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен:

-Азамат Ногойбаев ИИМдин Эргеш Алиев атындагы академиясынын башчысы кызматына дайындалды.

-Тариел Абитов ИИМдин күзөт кызматынын башчысы кызматына;

-Оролбек Акпаров ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча башчысынын орун басарлыгына;

-Алмаз Осмонбеков ИИМдин  ички иликтөө кызматынын башчылыгына;

-Жолболду Көчкөнов Нарын ОИИБдин башчылыгына дайындалды;

-Ал эми Сапарбек Асаналиев Нарын ОИИБдин башчысы кызматынын бошотулуп, кызмат өтөө курагынын чегине жетиши менен ардактуу эс алууга узатылды.

Иллюстрацилык сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты