Дагестанда Чыңгыз Айтматовдун бюсту орнотулду
- 1 год мурун
18-апрелде Дагестандын борбору Махачкала шаарында Расул Гамзатов атындагы Улуттук музейинде кырнгыздын улуу жазуучусу, дүйнө адабиятынын классиги Чыңгыз Айтматовдун бюсту орнотулду.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аны Кыргызстандагы дагестан ассоциациясы жасады жана жеткирип берди.
Бюст китепканада орнотулуп, Чыңгыз Айтматовдун адабий чыгармалары жана сүрөттөрү менен коюлду.
Бюстту ачуу аземине Дагестандын улуттук жыйынынын төрагасы Заур Аскендеров, Кыргызстандын элдеринн Ассамблеясынын төрагасы Алманбет Матубраимов, Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов, Расул Гамзатовжун кызы Салиха Гамзатова жана саясий, коомдук ишмерлер катышты.
Анда көркөм дүйнө жана анын бүгүнкү абалы, Чыңгыз Айтматов менен Расул Гамзатовдун чыгармалары, эки залкардын достугу тууралуу сөз болду.


Сүрөттөр: ТИМ басма сөз кызматы




