«Кадастр» ишканасынын Бишкек филиалынын бөлүм башчысына кылмыш иши козголду  

  • 1 год мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан “Кадастр”мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн кызмат адамдары тарабынан Бишкек шаарынын калктуу конуштарынын аймагындагы бир нече жер тилкелерин бөлүп берүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.

Мамлекеттик мекеменин айрым жетекчилери жеке кызыкчылыгын көздөп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген, социалдык-маданий маанидеги объектилерди курууга арналган жер тилкелеринин документтерин мыйзамсыз жасап бергендиги тууралуу далилдер табылып алынган.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, 3-ноябрда “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык филиалынын жер участогун каттоо бөлүмүнүн башчысы А.Т.С. кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгендиги маалымдалды.

Тергөө иштери улантылууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты