Кадамжайда тойканада тамакка уулангандардын саны 89га жетти

  • 2 года мурун

Баткен облусунун Кадамжай районундагы тойканада тамакка уулангандардын саны 89 кишиге жетти.

Бул тууралуу дарттын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

Ооруканага 14 киши жаткырылды, алардын — экөө балдар.  

Кечээ, 31-июлда, Кадамжайдагы “Алмаз” тойканасында 250 киши үйлөнүү үлпөтүнө катышкан, алардын арасынан 58 киши тамакка уулангандыгы  кабарланган.

Тойканада берилген тамак-аштардан салат жана бышырылган эт үлпөт өткөргөндөр тарабынан алынып келингендиги белгиленди.

Тойкана убактылуу жабылып, жетекчисине айып салынды. Бул багытта иштер улантылып жатканы айтылды.   

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты