Кадамжайда сел кесепеттерин жоюуга куткаруучулар тартылды
- 11 месяцев мурун
Баштапкы маалымат боюнча, 18-июлда нөшөрлүү жаандын кесепетинен Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Майдан айылындагы Чокой, Гараж, Шамбесай, Анипа, Акчечек, Кызыл-Булак сел өткөрүүчү сайларында сел суулары жүрүп, ички чарбалык жолдорду кум шагалга толтурган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
7 турак үйдүн жертөлөсүнө, 23 огородго сел суулары кирген. Жеринде 10 куткаруучу сел сууларын сордуруу жана сел кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.
Кадамжай районунан ыкчам топ, 1 мотопомпа, 3 техника, жергиликтүү бийликтен 7 жаран, айыл аймактан 1 экскаватор, ЖТИнан 1 жүктөгүч жана ДЭПтен 4 техника аймакта сел кесепеттерин жоюу иштерин аткарууда.
Ал эми «Дугаба» эс алуучу жайына кеткен жолду калыбына келтирүүгө эки техника тартылды.
Сүрөт: ӨКМ