Кадамжайда милиция кызматкери жол кырсыгын жашыруу үчүн пара алган

  • 2 года мурун

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгынын участкалык кызматкери М.Б. кармалды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ал жарандардан жол кырсык фактысын жашырып, оң чечим кабыл алуу менен жоопкерчиликке тартпоо үчүн мурда 40 миң сом пара катары акча алган.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) менен кылмыш иши козголгон. 

Тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында М.Б. мурда пара катары алган 40 миң сомдун ичинен 22 миң сомун арыздануучуга кайтарып жаткан учурда кармалып, ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кармоо УКМКнын Баткен облустук башкармалыгы жана облустук ИИБ менен бирге жүргүзүлдү.

Тергөө иштери улантылууда.

Сүрөт: Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты