Качкындардын талаптарын баалоо. Акыйкатчы орун басары БУУнун улуттук кеңсе жетекчиси менен жолугушту

  • 2 месяца мурун

Акыйкатчы институту менен Кыргыз Республикасындагы БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы биргелешкен иш-чаралар боюнча документке кол койду.

Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы маалымдады.

Документте качкындардын, башпаанек издегендердин жана жарандыгы жок адамдардын муктаждыктарын жана талаптарын биргелешип баалоо каралган.

Акыйкатчынын орун басары Жанибек Жоробаев менен БУУнун Кыргыз Республикасындагы улуттук кеңсесинин жетекчиси Елена Гусева сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жоробаев «Акыйкатчы институту этникалык кыргыздар тарыхый мекенине көчүп келгенден кийин кандай көйгөйлөргө туш болгонун ийне-жибине чейин изилдеп чыкты. Көбүнчө адам укуктарын бузуулар болгон. Ал эми бул абал бизди тынчсыздандырат. Ошого карабастан биздин кызматкерлер алардын укуктарын калыбына келтирүү үчүн бардык чараларды көрүп жатышат» деди.  

БУУнун КЖКБнын Кыргыз Республикасындагы Улуттук кеңсесинин башчысы Елена Гусева:

«Биздин биргелешкен аракеттерибиз бул категориядагы адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу боюнча натыйжалуу жыйынтыктарды берет деп ишенем» деди.

Сүрөт: Акыйкатчы институту

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты