«Кабар» маалымат агенттигинин жетекчиси алмашты

  • 2 года мурун

Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев кызматтан бошотулду. Анын ордуна Медербек Шерметалиев дайындалганын президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров 26-апрелде кол койгон.

Белгилей кетсек, кечээ, 25-апрелде мамлекет башчысы аталган агенттикке маек куруп, соңку убактарда коомчулукта талкуу жаратып жаткан маселелер боюнча пикирин билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты