Көп кабат курулушта бир жумада ар башка учурда үч жаран бой таштап жан кыярда куткаруучулар сактап калышты   

  • 2 года мурун

Токмок шаарындагы Жантаев көчөсүндөгү жаңы курулуп жаткан 9 кабаттуу имараттан ушул жуманын ичинде ар башка убакта үч жаран секирип жанын кыюуга аракеттенген. Аларды куткаруучулар аман алып калышкан.

Бүгүн, 21-ноябрда, жекшембү күнү Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндө жайгашкан толук курулуп бүтө элек 9 кабаттуу имаратттан секирем деп 1998-жылы туулган О.Д. аттуу киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Куткаруучулар, “Тез жардам” кызматкерлери аны сактап калышкан.  Жанын кыйгысы келген жаран мас абалында болгон.

Ал эми кечээ, 20-ноябрда, Токмок шаарынын Жантаев көчөсүндөгү ошол эле 9 кабаттуу курулуштан 1992-жылы туулган М.И.Ш. аттуу жаран бийиктен секирин өз жанын өзү кыюуга бел байлаган. Аны куткаруучулар сактап калган.  

19-ноябрда саат 15:07де Токмок шаарынын ошол эле Жантаев көчөсүндө жайгашкан ошол эле толук курулуп бүтө элек 9 кабат курулуштан эркек киши боюн таштайм деп өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруу ишине шаардык №21 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган. Аны куткаргандан кийин “Тез жардам” жана милиция кызматкерлерине өткөрүп берген. Бул жаран да мас абалынында болгон.   

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 19, 20, 21-ноябда бул тууралуу маалымат берген.

Сүрөттөр: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты