Көп балалуу энелерди “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жарлыгы чыкты
- 4 недели мурун
Жети жана андан көп баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйланат.
Президент Садыр Жапаровдун “Республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени менен сыйлоо жөнүндө” кол коюлган жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык токтом кылынды.
1413 эне «Баатыр эне» ордени менен сыйланды. Сыйлык алгандардын тизмеси бул шилтемеде: https://president.kg/ru/news/21/39152
Муну бөлүшүү