Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу чарасы киргизилди

  • 1 год мурун

Өлкө аймагында көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу чарасы киргизилди.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Мындай чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин ооздуктоо, быйылкы күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен өз убагында жана туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынды. 

Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну максималдуу бааны белгилөө менен 90 календардык күндүк мөөнөткө киргизүү чечими кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты