Көмүрдүн баасы өткөн айга салыштырмалуу дээрлик 6% арзандады

  • 2 года мурун

10-декабрга карата Кыргызстанда көмүрдүн чекене баасы тоннасына 5 342,8 сомду түздү. Бул өткөн айга салыштырмалуу 5,9 пайызга төмөн.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, учурда эң кымбат көмүр Ноокат районунда (тоннасы 7 989,6 сом) сатылып жатат. Ал эми эң арзан көмүр Жумгал районунун Чаек айылында (тоннасы 3 000 сом) сатылууда.

Көмүргө карата баалар үстүбүздөгү жылдын декабрында ноябрь айына салыштырмалуу Кербен шаарында 30,4 пайызга, Жалал-Абадда 4,7 пайызга жана Покровка айылында 5,5 пайызга көтөрүлгөн.

Ошол эле учурда ноябрь айына салыштырмалуу Исфана шаарында көмүрдүн бир тоннасы 1 871,6 сомго, Баткенде 1 748,9 сомго, Ноокат районунда 1 428,5 сомго жана Токтогулда 906,2 сомго арзандаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты