Көмүрдү автотранспорт менен өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

  • 2 года мурун

Кыргыз Республикасынын аймагынан көмүрдү  автомобиль транспорту менен ташып чыгууга (кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Иркештам автожолу” жана “Торугарт автожолу” өткөрүү пункттарын кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салынды Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине, финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматына жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына ушул токтомдон  келип чыгуучу зарыл чараларды көрүүсү тапшырылды.

Белгилесек, бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты