Көлмөгө чөгүп кеткен кишинин сөөгү табылды
- 4 months мурун
Бүгүн, 31-майда, 1952 жылы туулган Х.В. аттуу киши Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Биринчи Май айылында балык улоого чыгып, көлмөгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерине Ысык-Ата жана Аламүдүн райондук куткаруучулар тартылган. Алар жарандын сөөгүн суудан алып чыгышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Бул тууралуу өзгөчө кырдааладр министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү