Көлгө чөгүп бараткан кыз аман-эсен куткарылды

  • 2 года мурун

Кечээ, 28-июлда, Балыкчы шаарындагы «Алия» мейманканасынын тушунда Ысык-Көлгө 2006-жылы туулган Э.А. аттуу кыз чөгүп жаткандыгы тууралуу маалымат суучул-куткаруучуларга түшкөн.

Ошол учурда “Алия” эс алуу жайынын тушундагы жээкке жакын көл үстүндө суучул-куткаруучулар бир нече күн мурун чөгүп кеткен 4 жашар кызды издеп жатышкан.

Издөө ишинде жүрүшкөн Балыкчыдан 3 куткаруучу, 2 суучул көлгө чөгүп жаткан кызга өз убагында жетип, суудан аман-эсен алып чыгышкан. Алар кыткарылган кызды “Тез жардам” кызматынын адистерине өткөрүп беришкен.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты