Көк-Мойнокто селдин кесепетин жоюу иштери аткарылууда  

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 28-августта,  Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок-1 айылында селдин кесепетин тазалоо иштерин жүргүзүүгө башкармалыктын үч адамдан турган ыкчам топ, Балыкчы шаарынан 17, Тоң районунан 6, Ысык-Көл районунан 2 куткаруучу чыкты.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.  

Мындан сырткары кырсыкты аныктоо иштерин аткарууга ӨКМге караштуу мониторинг жүргүзүү жана тазалоо иштерине көзөмөлдөө департаментинен 4 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам, жалпы 42 адам чыкты.

Ошондой эле оор жумуштарды аткарууга ӨКМден 6, жергиликтүү бийликтен 2 техника тартылды.

27-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көк-Мойнок-1 айылында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары, болжол менен 30 турак үйдүн короо-жайларын, жертөлөлөрүн жана ички жолдорду каптаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты