Көк-Мойнокто дагы өрт чыкты
- 7 ай мурун
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун болжол менен 157-чакырымында ачык аянттагы куураган чөптөн өрт чыккан.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Өрттү өчүрүүгө саат 14:01де өрт өчүрүүчүлөр ишке киришкен.
Маалыматта өрт өчүрүлүп жаткандыгы айтылды.
26-апрель күнү Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айылында куураган чөп өрттөнгөн.
Бир ай мурда Балыкчы – Бишкек унаа жолунун 38-чакырымында, Боом капчыгайында өрт чыккан.
Сүрөт: Видеодон алынды.
Муну бөлүшүү