Көк-Мойнок айылын сел каптады
- 11 месяцев мурун
Баштапкы маалыматка ылайык, бүгүн, 27-августта, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-1 айылынан өткөн Чүй дарыясынын деңгээли өткүндөн улам көтөрүлүп, жанында жайгашкан үйлөрдү каптоо коркунучу жаралганы маалымдалган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдиргендей, Балыкчы шаарынан 9 куткаруучу, Көк-Мойнок айыл аймактан 1 экскаватор, Балыкчы шаардык суу чарба кызматынан 1 ассенизатор тартылган.
Буга кошумча ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан ыкчам топ, Балыкчы шаарынан дагы 15 куткаруучу, анжагы “Тазалык” ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган. Жалпысынан 28 куткаруучу, 6 техника тартылган.
Сүрөт: Видеодон.
Муну бөлүшүү