“Көк-Мойнок-1де” ачык аянттан чыккан өрт өчүрүлдү

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 15-майда, саат 16:11де Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 160-чакырымында Көк-Мойнок-1 айылына жакын жерде ачык аянтта куураган чөп күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылган, саат 16:39да чектөөгө алынган.

Куткаруучулар өрттүн жайылуусун убагында токтотуп, саат 17:50дө толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн жалпы аянты 500 чарчы метрди түзгөн.

Жабыркагандар жок.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты