«Көйгөйдү чечүүнүн эки жолу бар — каржы жана саясий эрк». Депутаттар суу маселесин көтөрдү  

Бүгүн, 8-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында республикада ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы тууралуу көйгөйлүү маселелер боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулду.

Жыйында аталган маселе боюнча архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Кудайбергенов, Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев жана Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев баяндама жасашты.

Депутат Дастан Бекешев эсептегичтерди орнотуу, суу түтүктөрүнүн начарлашы жана Бишкек шаарындагы суунун тартыштыгын чечүү боюнча маселелерди көтөрүп, Бишкек мэриясы бул көйгөйлөрдү өз алдынча чече албастыгын жана аны чечүү үчүн Министрлер кабинетинин колдоосу керектигин белгиледи. Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев суунун деңгээли кескин төмөндөп кеткенин, бул көйгөйдү чечүү үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын маалымдады. Анын айтымында, суу түтүктөрүнүн эскилиги 70%ды түзөт.

Ал эми эл өкүлү Марлен Маматалиев бул маселени чечүүгө Бишкек мэриясында каражат жетишсиз экенин, суу алгычтарды курууга жер берүү маселесин да чечүү зарылдыгын белгиледи. Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев кошумчалагандай, кошумча скважиналарды бургулоо үчүн “Баш-Карасуу” суу алгыч курулмасынын аймагын 4 гектарга, “Сельский” — 3 гектарга жана “Контррезервуар” — 4 гектарга кеңейтүү зарылдыгын айтты.

Депутат Максатбек Сарбагышев Бишкек шаарындагы суунун деңгээлин, суу сактагычтардагы суунун көлөмүн, скважиналардын санын так өлчөө маселесин көтөрдү.

Депутат Тазабек Икрамов Бишкектеги суунун таңкыстыгынын чыныгы себептери боюнча маселе көтөрдү. Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев Бишкекти суу менен камсыздоонун негизги булагы Орто-Алыш суу алгыч курулмасы экенин, суунун тартыштыгы “Орто-Алыш” башкы суу алгычында жер астындагы суунун деңгээлинин төмөндөшүнөн улам келип чыгып жатканын ырастады.

Депутат Максатбек Сарбагышев Бишкек шаарындагы суунун деңгээлин, суу сактагычтардагы суунун запасын жана скважиналардын санын өлчөө маселесин көтөрсө, эл өкүлү Тазабек Икрамов Бишкек шаарын таза суу менен камсыздоонун абалынын начарлашына алып келген факторлорго кызыкты.

Ошондой эле депутаттар Ырысбек Атажанов жана Дастанбек Жумабеков жаңы суу пайдалануучуларды туташтыруу демографиялык абалды эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.

Депутат Улан Примов суунун тартыштыгына байланыштуу кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, Бишкек шаардык мэриясынын бул багыттагы ишинин жетишсиздигинен мындай көйгөй жаралганын белгиледи.

Ал бул көйгөйдү чечүү үчүн мэриянын активдүү иш алып баруусу маанилүү экенин айтты. Өз кезегинде Бишкек шаарынын вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев мэрия Баш-Карасуу суу алгычынын аймагын кеңейтүү демилгесин үч жылдан бери активдүү көтөрүп жатканын билдирди.

Бишкек шаарынын көйгөйлөрүн көтөрүп, депутат Жанар Акаев мындай деди:

-Бишкекти, борбор шаарыбызды туташ проблема каптады. Маселени чечүүнүн эки жолу бар – каржы жана саясий эрк. Бишкектин маселесин чечиш үчүн карап көрүңүз: жайында суу жок, кышында смог, коомдук транспорт эскирди, жолдорубуз тыгын, жаңы конуштардагы абалыбыз абдан начар, мектеп менен бала бакча жетишпейт, таштанды ылгоочу ишкана, канча инвестор келгени менен, курулган жок. Эгерде мына ушундай жол менен кетсек, Бишкегибиз чоң эле бир айыл болуп калат. Ошого баратабыз.

Каржыны кантип үнөмдөш керек? 5 млрд сом жөн эле асманга сапырылды, Улуу көчмөндөр мурасы деп түзүп, 3 млрд сом бердиңер, топчу менен мык чыгар деп, Кыргызиндустрия деп “громкий” атап алып, ага 1 млрд сом бердиңер. Ошол акчалардын баарын ишканаларга, бизнесмендерге берсе болот эле. Кыргызтуризм деп, ага 1 млрд сом кетти. Ошентип, кетип жатат да.

Эми Асман шаарын курабыз деп. Асман шаарына кетчү акчага борбор калаабызды, Бишкегибизди оңдоп албайлыбы?  Ошону ойлонбойсуңарбы? Миллиард доллар Асман шаарына салабыз деп жатабыз. Асман шаарын кое туруп, Бишкегибизди тыпыйтып оңдоп албайлыбы?   

Ошон үчүн олуттуу карайлы. Мамлекеттик ишканаларды улам бирден түзө берүүнүн кереги жок болчу. Каржынын баарын жаңы долбоорлорду курабыз дегендин баарын Бишкекке жумшагыла.

Эми саясий эрк көрсөтүшүбүз керек дегенибиз, туташ проьлеманын баарын чечиш үчүн Бишкектин мэрин эл шайлаш керек. Өткөндө  биздин фракция сунуштаган демилгени көпчүлүк депутаттар колдобой койду,-деди депутат Жанарбек Акаев.     

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты