Күйөөсү көчөдө токмоктогон келиндин окуясын милиция териштирип жатат

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы күйөөсү көчөдө токмоктогон келиндин окуясын териштирип жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы көчөлөрдүн биринде күйөөсү токмоктоп жаткан келин тууралуу 30-январда түнкү саат 11лер чамасында кайрылуу түшкөн. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барган учурда келин жолдошуна дооматы жок экенин айтып, ага каршы арыз жазуудан баш тарткан. Учурда милиция бул окуяны териштирип, иликтөө уланып жатканын билдирди.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2021-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8,5 миңдей факт катталган жана бул мурдагы жылга салыштырмалуу 30% көп.

Башкы прокуратура 2012-жылдан 2015-жылга чейин жыл сайын 2500ден 3500ге чейин факты катталып турса, 2016-2018-жылдары ал 7000ден түшпөгөнүн маалымдаган. Мындан 90% ашык учурда аялдар жабыр тартат.

Үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын 90% ашыгы сотко жетпей түрдүү себептер менен кыскарып кетет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты