Нарын облусунда жарым жылда үй-бүлөлүк зомбулуктун 132 учуру катталды

  • 2 года мурун

Нарын облусунун прокуратурасы тарабынан 2022-жылдын 6 айына карата үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 132 факты катталды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Катталган зомбулук фактыларынын ичинен 118 (89,4 %) учур аялдарга,  13 (9,8%) учур жашы жете электерге карата жасалгандыгы аныкталды. 64 (48,5%) физикалык зомбулук учуру катталса, 68 (51,5%) учурпсихологиялык зомбулук жасалган.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу үчүн райондук администрация тарабынан тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлбөгөндүктөн, район башчыларынын орун басарларына “Укук бузуулар жөнүндөгү” Кодекстин 435-беренесинин негизинде 5 укук бузуу иши козголду.

Сот тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынып, алар административдик жоопкерчиликке тартылуу менен бирге, ар бирине 10 миң сомдон айып пул салынды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты