Келерки жылы үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшкө бюджеттен 25 млн сом бөлүнөт

  • 2 года мурун

2022-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы күрөшүүгө мамлекеттик бюджеттен 25 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө”КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулоо учрунда Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик социалдык буюртманын алкагында 25 миллион сомдун 5 миллион сому калкка маалымат жеткирүү боюнча маалыматтык-агартуу программасын өткөрүү үчүн коомдук уюмдарга, 20 миллион сому кризистик борборлорду колдоого жумшалат.

Минкабдын өкүлүнүн берген маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылы кризистик борборлорго 7 млн сом бөлүнгөн.

«Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, аялдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулук маселеси бүтүндөй коомду тынчсыздандырууда. Бул маселе Министрлер кабинетинин көңүл чордонунда турат. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча бул жылдагы статистиканы карап чыктым. 2020-жылы 7 айдын ичинде 6 060 иш катталган болсо, бул жылы ошол эле мөөнөттө 8 405 учур катталган», — деди Байсалов.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери 7665 үй-бүлөлүк зомбулук окуясы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 30% көп. Башкы прокуратуранын эсеби боюнча, 2019-жылы 6145 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. 90% ашык учурларда аялдар жабыр тартат.

Жакында эле Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө катары аталды. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте Кыргызстан 97-орунга түштү. Аялдар үчүн өтө кооптуу өлкөлөрдүн катарында Ооганстан, Сирия, Йемен, Пакистан жана Ирак бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты