Коомдук жайда аялына кол көтөргөн киши камакка алынды

  • 2 года мурун

Бишкектеги соода борборлорунун биринин алдында аялына кол көтөргөн киши кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Буга чейин аталган факт Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыш кодексинин 266-беренесинин («Бейбаштык») негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Социалдык тармактарда эркек киши аялды башы менен сүзүп, сабаганы тартылган видео тараган. Окуя 8-ноябрда күндүзгү саат экиге жакын Бишкектеги соода борборлорунун автоунаа токтотоочу жайында болгонун күбөлөр жазышкан.

Милиция алар жубайлар экенин, учурда териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты