“Көч жолу” экспедициясы: Оштон Алтайга 30 күндүк сапарга аттанышты

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 10-июнда, Ош шаарынан “Көч жолу” аттуу эл аралык автоэкспедиция Алтайга жөнөп кетти. Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен сапарга 5 саякатчы жигит катышууда.

Бул тууралуу Ош мэриясы билдирди.  

Алар Ош – Алматы  Талдыкоргон – Семей – Барнаул – Тоолуу Алтай – Монголия багыты боюнча 30 күн жол жүрүшөт.

Сапардын негизги максаты — Улуу Көч жолунун тарыхый-маданий мурастарын изилдөө, боордош элдердин ортосундагы достукту чыңдоо жана ички туризмди жайылтуу.

Саякатчылар жол бою кооз жерлерди, тарыхый эстеликтерди кыдырып, жергиликтүү элдин турмушу, каада-салты менен таанышмакчы. Экспедициянын жүрүшү социалдык тармактарда чагылдырылып турат.

Сүрөт: Ош мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты