Депутат Абдибаева УКМКга кайрылганын билдирди

  • 5 дней мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаева өзү көтөргөн маселе башка нукка бурулуп кеткенин айтып, мунун артында кимдер турарын аныктоо үчүн УКМКга кайрылганын билдирди.

Анын айтымында, 29-сентябрдагы комитет жыйынында күнөөсү далилденбеген адамдарга карата жазаны жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн кароо тууралуу сөз болгон. Бирок педофилдерге жазаны жеңилдетүү же пробация берүү маселеси көтөрүлгөн эмес.

Абдибаева жалган маалымат тараткандарды аныктоо боюнча УКМКга өзү жана эки коомдук бирикме арыз бергенин айтты.

“Жалган маалымат таратып, эл өкүлүнө каралоо жүргүзгөн топтордун артында кимдер турарын аныктоо үчүн УКМКга менден эле эмес, эки коомдук бирикме тарабынан да арыздар берилди»,- деди Абдибаева.

Эске салсак, 29-сентябрда парламенттин Сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат сексуалдык мүнөздөгү айрым кылмыштар боюнча пробациялык көзөмөлдү колдонууну карап көрүү сунушун айткан. Учурда интернетте депутатты мандатынан ажыратуу боюнча кол топтоо жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты