ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында биринчи дүйнөлүк мөңгү күнү өттү
- 2 месяца мурун
Францияда, ЮНЕСКОнун штаб-квартирасында, 20-21-мартта мөңгүлөрдү сактоо боюнча эл аралык жыл алкагында дүйнөлүк мөңгү күнү жана суу күнүнө арналган иш-чаралар өттү.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чараларга Кыргыз Республикасынын президентинин тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова жетектеген делегация катышты.
Андагы иш-чаранын расмий ачылышына ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле, Франциянын экология министри Аньес Панье-Рюнаше, ошондой эле Кыргызстан, Тажикстан, Италия, Чили жана башка өлкөлөрдү, эл аралык уюмдардын делегациялары барды.
Иш-чаранын жүрүшүндө илимий изилдөөлөрдүн маанилүүлүгү, тажрыйба жана билим менен алмашуу, технологиялар, социалдык-экономикалык маселелер, мөңгүлөрдүн эрип жатышынын суу ресурстарына, туруктуу өнүгүүгө, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукка тийгизген терс таасирлери талкууланды.
Ошондой эле, мөңгүлөрдү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү үчүн финансылык каражаттарды топтоо жана саясий чечимдер боюнча маселелер каралды.
Динара Кемелова Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты кыскарып бара жаткандыгы тууралуу сөз козгоду.
Ал катышуучуларды 24-25-апрелде Бишкек шаарында өтө турган “Туруктуу өнүгүү үчүн глобалдык тоо диалогу” аттуу эл аралык конференцияга чакырды.
Динара Кемелова Франциядагы элчи Садык Шер-Нияз ЮНЕСКОнун башкы директорунун орун басары Лидия Брито менен жолугушту.
Алар мөңгүлөрдү сактоо, эрте эскертүү системасын киргизүү, Кыргызстандын биологиялык ар түрдүүлүгүн жана маданий мурастарын сактоо, тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгынын алкагында тоолор боюнча илимий жана билим берүү конференцияларын бирге өткөрүү боюнча долбоорлорду талкуулашты.
