Үйдү жылытууда зыяндуу буюм колдонгондорго айып салынат

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы шаардыктарды үйлөрүн тыюу салынган буюмдар менен жылытпоого чакырат.

Түтүн менен бирге химиялык оор заттар бөлүнүп чыгып, ден соолукка зыян келтирип, атмосфералык абанын сапатын бузарын эскертип, мыйзам бузуу фактылары аныкталган учурда 7,5 миң сомдон 23 миң сомго чейин айып салынарын белгиледи.

Мындай мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, санитардык-экологиялык инспекциянын төмөнкү телефон-номурларына кайрылыңыздар:

— Свердлов району боюнча: 0551551745;

— Октябрь району боюнча: 0505523832;

— Биринчи май району боюнча: 0555404818;

— Ленин району боюнча: 0554222213.

Бул тууралуу Бишкек шаарлык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты